Кантип алиментти жойдурсак болот? Төлөй албай кыйналып жатабыз
Күйөөмдүн биринчи турмушунан бир баласы бар. Ага алимент төлөйт. Биздин болсо үч балабыз бар. Кантип алиментти жойдурсак болот? Төлөй албай кыйналып жатабыз. Кызым дагы ооруп жатат.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 124-беренесинин 2-бөлүгүндө, «Эгерде алимент төлөө жөнүндө макулдашууга келалбай, сот тартибинде алименттин өлчөмү белгиленгенден кийин тараптардын бирөөсүнүн материалдык же үй-бүлөлүк абалы өзгөрүлсө, сот тараптардын кайсынысынын талабы боюнча болбосун, алименттин белгиленген өлчөмүн өзгөртүүгө же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын талабы боюнча аны төлөөдөн бошотууга укуктуу. Алименттин өлчөмүн өзгөрткөндө же аны төлөөдөн бошоткондо сот ошондой эле тараптардын көңүл буруусуна арзыган башка кызыкчылыктарды да эске алууга укуктуу» деп көрсөтүлгөн.
Жолдошуңуз сотко кайрылып, алимент төлөөдөн баш тартса болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.