Күйөөм көп ичет, ажырашайын десем балдарымды бербейм дейт. Юрист кеңеш берет
2019.11.27, 10:30
1042
Күйөөм акыркы күндөрү аябай көп ичип калды. Менчик үйүбүз жок, батирде турабыз. Үч балабыз бар. Ажырашайын десем эки эркек баламды бербейм деп жатат. Кандай кылсам болот? Ортобузда ЗАГС жок.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.11.2019, 10:41
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Балдарга эненин да, атанын да укугу бирдей. Бул жерде күйөөңүз баланы бербей коем, сиз балдарымды алып коем деген болбойт.
Ичкиликке берилип кеткен болсо, туугандарына айтып, алар менен бирге чечим кабыл алууну сунуштайм.
Эгер такыр эле болбосо, сот аркылуу ажырашсаңар болот. Ошондо балдардын кимде болоорун сот чечип берет.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп