Жума намазын кантип окуйт?
Саламатсызбы! Жума намазда канча рекет бар жана кантип ниет кылат?
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатчылык.
Жума намазында төрт рекет сүннөт, эки рекет парз жана төрт рекет сүннөт окулат.
Алгач жуманын төрт рекеттик сүннөтү окулат. Бул сүннөт бешим намазынын алгачкы сүннөтү сыяктуу окулат. Кийин мечит ичинде экинчи азан жана хутба окулат. Хутба окулгандан кийин камат окулуп жамаат менен жума намазынын эки рекеттик парзы окулат. Жума намазынын парзы окулгандан кийин төрт рекеттик соңку сүннөтү окулат. Бул сүннөт бешим намазынын алгачкы сүннөтү сыяктуу окулат. Мындан кийин «Убагына үлгүрүп окуй албаган акыркы бешим намазынын парзын окууга» деп ниет кылып, бешим намазынын парзы сыяктуу зухр-и ахирделген бир намаз окулат. Кийин багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу эки рекет бешимдин сүннөтү окулат. Мындан кийин Аятал курси жана таспихтер окулуп, дуба кылынат.
Ниетти “жума намазынын сүннөтүн же парзын” деп ниет кылынат.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.