Кызым күйөөсү менен жашабайт. Жалгыз бой эне боло алабы?
2019.11.25, 14:54
1484
Кызым күйөөсү менен жашабайт. ЗАГСы бар, баласын жалгыз багат. Баласын өзүнүн фамилиясына жаздырып алса болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.11.2019, 15:06
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы!
Окурман, эгер небереңиздин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында күйөө балаңыздын аты-жөнү жазылган болсо, кызыңыз жалгыз бой эне катары баланы өзүнө жаздыра албайт.
0
Пайдалуу жооп