Бала бакча тарбиячысын баламды оорукчан дегени үчүн сотко берсем болобу?
Менин балам 3 жашта, жакшы сүйлөй албайт, бир аз бейбаш. Жакында эле жеке бала бакчага барганбыз. Үч жума болгондо тарбиячысы “балаң оорукчан экен, оорукчандарга арналган бакчага баргыла” деп койду. Баламдын башын текшертип, невропатологго көрсөткөм, “легкий гиперактивность” бар бирок оорукчан эмес. Мен ошол тарбиячыны баламды оорукчан дегени үчүн сотко берсем болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 2-бөлүгүндө "Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу" деп көрсөтүгөн.
Демек, сотко кайрылуу укугуңуз бар жана сотко кайрылсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.