Балага нан чайнап берсе жаман, жакшы сыпаттар өтүп кетеби?
2019.11.25, 11:43
1803
Балага нан чайнап берген туурабы? Кээде молдолордун жакшы сыпаты жуксун деп курма тиштетип калабызго. Ошол сыяктуу балага да жакшы жаман сыпаттар өтүп калбайбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.11.2019, 12:04
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Эгер ымыркай нан чайнап бергенге муктаж болсо, чайнап берсе эч нерсе болбойт. Эч кандай сыпат өтпөйт. Бирок тазалык жагын дагы караңыз.
Анара Базаркулова
Педиатр
Окурман, балага нан турмак башка нерселерди дагы чайнап бергенге болбойт.
Адамдын организиминин эң таза эмеси бул ооз көңдөйү. Кыргыздар деле айтат эмеспи "чайнап берген аш болбойт" деп. Балаңызга тамакты чайнап бербеңиз.
0
Пайдалуу жооп