// //

Москвага кетүү үчүн балага кандай документ жасатуу керек? Адис жооп берет

2019.11.19, 14:13
2784

Саламатсызбы. Менин суроом мындай: баламды Москвадан төрөгөм, күбөлүгү Россияныкы. Кыргызстанга келгенибизге 5 ай болду. Москвадан кыргыз элчилигинен “вкладыш” жасатып, баланы алып келгенбиз. Кайра Москвага кетүү үчүн кандай документ алышыбыз керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.11.2019, 14:14

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Саламатчылык. Сиздин жагдайда алгач баланы каттатуу зарыл. Ал үчүн үйдүн техпаспорту, үй китепчеси жана үйдүн ээси же анын каттоого макулдугу керектелет.

Андан кийин балага жалпы жарандык паспорт жасатасыңар. Жогоруда аталган документтерге кошумча, ата-эненин нотариус жактан таризделген макулдугу, жана паспорттору керек болот.

Жалпы жарандык паспорт 12 күндүн ичинде даярдалат. Күбөлүк үчүн мамлекетке төлөнүүчү салык 533 сом.

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт