Балам жөтөлүп калыптыр. Спирт менен компресс жасап койсом болобу?
2019.11.19, 11:08
3066
Саламатсызбы! Эки жашар балам жөтөлүп калыптыр. Спирт менен компресс жасап койсом болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.11.2019, 11:12
Динара Кабаева
Балдар пульмонологу
Саламатсызбы! Мурун ата-энелер бала жөтөлгөндө спирт же арак менен компресс жасап коюшчу. Бирок, бул туура эмес. Спирт менен компресс жасабаш керек, анын эч кандай пайдасы жок. Тескерисинче, бала спирттин же арактын жытына аллергия болушу мүмкүн. Жакшысы жылуу шарф менен ороп койгон туура. Жөтөлү күчөп кете электе сөзсүз дарыгерге алып барыңыз. Өз алдынча дарылабаңыз.
0
Пайдалуу жооп