Жумушуман чочконун этин колум менен кармоого туура келет. Эмне кылсам болот?
2019.11.18, 10:05
1234
Саламатсызбы! Мен Москвада кемпир багып иштейм. Ал чочконун этин жейт. Мага кол кап кийгиздирбейт, этти колум менен кармайм. Бирок, кудайдан кечирим сурап турам. Эмне кылсам болот? Жумушуман жакшы табам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.11.2019, 10:06
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Ал адам башка диндин өкүлү, сиз ага кызмат кылып жаткандан кийин бул жерде эч кандай кооптуу нерсе жок. Сиз болгону этти кармагандан кийин колуңузду таза жууп, ал тамакты жебеңиз. Эң негизгиси өз диниңизди карманып, өзүңүздү туура алып жүрүңүз.
0
Пайдалуу жооп