Баламдын бир кулагы жабык. Эми укпай калабы?
2019.11.16, 12:23
1941
Балам туулганда эле бир кулагы жабык төрөлдү. Кулагын ачтырсак болобу? Эмне себептен андай болуп калды? Операциядан кийин угабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.11.2019, 12:24
Шухрат Буваев
Отохирург
Саламатсызбы!
Бул кулактын аномалиясы, “атрезия” деп атайбыз. Азыркы учурда эч кандай операция кылып кереги жок. Сөөк аркылуу уктуруучу аппарат тагуу керек.
Атрезия - бул организмдеги табигый тешиктердин жана каналдардын бүтөлүп калышы. Көбүнчө атрезия тубаса аномалия болуп саналат, сейрек учурда башка патологиялык процесстердин кесепети болушу мүмкүн.
Дарыгерге консультацияга келип, кененирээк маалымат алып кетсеңиз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп