Смартфонду кантип тандоо керек?
2018.10.22, 15:14
1894
Жаңы смартфон сатып алгыңыз келсе, анда сөзсүз "Beeline" компаниясынын сатууларды өнүктүрүү боюнча башкы адиси Феруза Эргешованын кеңештерине кулак салыңыз. Жыйынтыгында баасы жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча талабыңызга туура келген смартфон табасыз.
- Биринчиден, смартфонду эмнеге пайдаланасыз, жакшылап ойлонуңуз.
- Жумуш үчүн керек болсо, аккумуляторуна маани бериңиз.
- Социалдык тармактарга пайдалансаңыз камерасына көңүл буруңуз.
- Аз акчага сапаттуу телефон алса болоорун унутпаңыз.
- Смартфон алаардан мурун интернеттен, ютубдан колдонуучулардын пикирлерин карап чыгыңыз, досторуңуз менен кеңешиңиз.
- Убакытты үнөмдөп интернет-дүкөндөрүнөн издеңиз, бааларын салыштырып көрүңүз.
- Сөзсүз смартфонго чехол, экранына сактоочу айнек тагыңыз.
- Смартфонду 100% чейин кубаттабаңыз, 80% жетиштүү. Болбосо, акумулятордун жарактуулук мөөнөтү бат бүтөт.
- Смартфондун сырткы кооздугуна карабаңыз.
- Эч качан шашпаңыз!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.