Той күнү кирпик же тырмак чаптаса окулган нике өтпөй калабы?
Саламатсызбы! Той күнү кыздар кирпик жана тырмак чаптап боенобуз. Нике окулганда даарат алуу керекпи? Даарат өтпөй калып, нике эсептелбей калбайбы? 90 пайыз кыздар ушинтип жасанып чыгышат. Бул жагы кандай болуп калат?
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси
Азыркы кыздардын көпчүлүгү той күнү сулууланышат. Ошол мезгилде даараттын болушу шарт эмес. Нике өтпөй калат деген да сөз жок, өтө берет. Маселе башкада, мисалы, бир адам намаз окуйт дейли. Намаз убактысы келгенде даарат албай калуу, ошол күнөө болуп эсептелет. Ошондуктан бул намазга тиешелүү нерсе. Ал эми нике окулуп жатканда даараттын болушу шарт эмес.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.