// //

Электрондук күндөлүккө деп окуучулардан акча топтоп жатышат. Бул туурабы?

2019.11.13, 12:21
975

Саламатсызбы! Биздин мектепке электрондук күндөлүк киргизилип жатыптыр. Ар бир окуучудан 195 сомдон чогултулууда. Бул мыйзамдуубу?

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.11.2019, 12:22

КРнын Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы

Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги эми гана электрондук күндөлүк долбоорун баштады. Тактап айтканда программа иштелип жатат, мектеп мугалимдери жана башкалар азырынча окутула элек.  

Ошондой эле, бул долбоор, Бишкек шаарынын мэриясына караган муниципалдык мектептерге киргизилүүдө. Мэриянын өзүнүн долбоору бар болгондуктан, акы алынышы мүмкүн. 

Сиз кайсы мектеп тууралуу айтып жатасыз, аты-жөнүн жазып жиберсеңиз, кененирээк жооп бергенге аракет кылабыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт