Сот баланы психологиялык экспертизага жөнөттү. Аны кайсы жерден өтүш керек?
Саламатсызбы. Аялым экөөбүз ажыраштык. Сот ортодогу балабызды психологиялык экспертизага жөнөттү. Кайсы жерден өтүш керек, ата-энеси бала менен чогуу барыш керекпи?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фонддун адиси, адвокат
Эгер сот экспертизага жөнөтсө, кайсы жерге кайрылыш керек болгон эксперттик уюмду өзү аныктайт. Ажырашуу иштеринин фактылары боюнча соттук-психологиялык экспертиза баланын туруктуу жашай турган жерин жана ата-энесинин баланын жашоосуна катышуусун аныктоо үчүн өткөрүлөт.
Адатта экспертиза жүрүп жаткан учурда баланын ата-энесин сыртка чыгуусун суранышат. Себеби ата-энесинин көзүнчө бала ачык сүйлөбөй, болгонун болгондой айта албай коюушу мүмкүн.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.