Спиралды алдырткандан кийин көпкө бойго бүтпөйбү? Гинеколог жооп берет
7 жыл спираль менен жүрдүм. Ушул жылдын май айында алдыргам, дагы деле боюма бүтө элек. Сурайын дегеним, спираль менен көпкө жүрсө бойго бүтпөй калабы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Көпкө чейин бойго бүтпөгөнүнө жалгыз эле спиралды күнөөлөп болбойт. Сизде аны менен катар башка оорулар да болушу мүмкүн, мисалы жатындын сезгенүүсү.
Кандай күндө да, бойго бүтүрүүнү пландаштыраардан мурун гинекологго барып көрүнүп, толугу менен текшерүүдөн өтүү керек. Гинеколог келечектеги кош бойлуулука аялдын жана албетте эркектин организмин даярдоочу препараттарды жазып берет. Алар:
- темир камтыган препараттар;
- йод;
- фолий кычкылы.
Кош бойлуулуктун пландаштыруу бойго котөрүүдөгү түрдүү тобокелдиктерди алдын-алат:
- жатындын сыртына бүтүп калуу;
- бойдон түшүп калуу;
- түйүлдүктүн өрчүшүндөгү кемтиктер;
- мөөнөтүнөн эрте төрөт ж.б.
Өзүңүздүн ден соолугуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.