Экинчи баламды төрөп жатканда врачтар “маткаң” чоң экен дешти. Бул эмнеси?
2019.11.05, 09:58
1328
Саламатсызбы. Сурайын дегеним, мен экинчи баламды төрөп жатканда, доктурлар “маткаң” аябай чоң экен деп айтышкан. Мунун ден соолукка эч кандай зыяны жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.11.2019, 09:59
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Эгер мындай сөз төрөт учурунда айтылса, балаңыз чоң салмак менен төрөлсө керек. Бала чоң болуп төрөлгөндө, же көп жолу төрөгөн аялдын жатыны салыштырмалуу чоңураак болот.
Жатындын чоң болушу аялдын ден соолугуна эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Болгону жатын ичине салыныуучу контрацепцияны (спиралды) тандоодо гинеколог көлөмүн эске алат.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп