Атамдын банк картасын жоготуп алдым. Кантип калыбына келтирсем болот?
2019.11.01, 15:14
1131
Саламатсызбы! Атам Россияга кетип баратып банк картасын таштап кеткен. Ал картаны жоготуп алдым. Кантип калыбына келтирсем болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.11.2019, 15:15
Гүлназ Ашыралиева
"Бай Түшүм" Банкынын кардарларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы
Саламатсызбы! Тилекке каршы, атаңыз жок эч нерсе кыла албайсыз. Атаңызда өзү келип, калыбына келтирип берүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал сизге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жазып бериши керек. Ал катты алып, паспортуңуз менен банкка кайрыласыз. Анан банк картаны калыбына келтирип берет. Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп