// //

Улам ооруй берип кыйналып кеттим. Эмнеге мындай болуп жатат?

2019.11.01, 09:58
1784

Саламатсызбы. Эки жылдан бери ооруп келем. Бир жеримди дарылап жакшы болсом, башка оору жабышат. Аябай кыйналып кеттим. Мындай көйгөйдөн кантип кутулсам болот? Психологдон жооп алып бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.11.2019, 09:58

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Ден соолукка байланыштуу маселелердин бардыгын медиктер менен бирге чечкен оң. Мен психолог катары төмөнкү божомолдоолорду гана айта алам:

  • Балким, сиз ооруганда жакындарыңыздан күнүмдүк жашоодо ала-албаган көңүл буруусун, жылуу сөзүн, кам көрүүсун аласыз? Ошондуктан аң сезимиңиздин түпкүрүндө ооругунуз келе берет.
  • Балким, сиз өтө көп иштейсиз, ал эми ооруп калуу – бул “мыйзамдуу” эс алуунун бир амалы.
  • Балким, сизге ар дайым тагдырдын курмандыгы болгон жагат. Ооруп, башкаларга ооруңуз тууралуу айтып берип, алардан сизди аяп, боор ооруп турушун күтөсүз. Демек өзүңүздүн жашооңуз үчүн жоопкерчиликти моюнга алгыңыз келбейт.
  • Балким, сиз жөн эле кубанып, майда нерселерден ырахат алганды билбейсиз. Бардыгы жакшы болуп турса деле өзүңүзгө ооруну ойлоп таап аласыз?

Бул айткандар негизги эмес, экинчи баскычтагы себептер болушу мүмкүн.

Мен өзүм ар дайым колдонуп жүргөн сонун фраза бар. Мисалы мурдум бүтүп, ооруй турганымды сезе баштасам, өзүмө: “Мен жакшы боло баштадым”, “Мен айыгып калдым” деп кайталап, аң сезимимди ден соолугумдун бек болушуна программалайм.

Ден соолукта болуңуз!

Эльвира менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт