Мыйзамдуу түрдө ажыраша элекпиз, бирок үстүмөн алимент кестирип коюптур
Саламатсызбы. Келинчегим экөөбүз мыйзамдуу түрдө ажыраша элекпиз. 6-7 айдан бери чогу жашайбыз. Бирок, райондук сот үстүмөн алимент кесип коюптур. Эч кандай соттук териштирүү же отурум болбостон. Ушул чечим мыйзамдуубу? Каякка же кимге кайрылсам болот?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук уюмунун адиси, адвокат
Саламатчылык!
Сизден алимент өндүрүү боюнча соттук буюртма жөнөтүлсө керек. Соттук буюртма соттук териштирүү жана соттук отурум болбой туруп берилет.
Сиз соттук буюртманын көчүрмөсүн колго алган күндөн тартып, 10 күндүн ичинде, чыккан буюртмага макул эмес экениңизди билдирип, каршылыгыңызды сотко жиберсеңиз болот. Мындайда сот соттук буюртманы жокко чыгарат.
Буюртма жокко чыгарылганда, сот доочуга (баланын энесине) алимент өндүрүү боюнча доо-арызы менен кайрылууга боло тургандыгын эскертет. Мындай доо арыз менен кайрылган учурда соттук териштирүү жана соттук отурум өткөрүлөт.
Негизи сот карызкорго, башкача айтканда сизге, чечим чыгаары менен эртеси күндөн кеч эмес соттук буюртманы жөнөтүүгө милдеттүү.