// //

Боюмда бар, баланын киндиги оролуп калыптыр. Эмне кылыш керек?

2019.10.30, 13:00
4999

Саламатсызбы. Боюмда бар, 34 жума болуп калды. УЗИге барсам, киндиги оролуп калган, деп айтты. Эмне кылышым керек? Бул коркунучтуу эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.10.2019, 13:01

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Кутман күн!

Эч нерсе кылуунун кереги жок. Бирок докутр айткан корсөтмөлөрдүн бардыгын жасап, убагында көрүнүп туруңуз.

Мындай абалга кош бойлуулуктун акыркы мөөнөтүндө боюнда бар айымдардын 37%ы туш болот. Ашыкча кооптонуунун зарылчылыгы жок. Болгону курсактагы баланын абалын дыкаттык менен текшерип туруу керек.

Төрөт учурунда да доктурлар буга өзгөчө көңүл бурушат. Кардиотокография жасашат. Эгер баланын жүрөгүнүн согушу туруктуу эмес же жайлап калса, анда кесердик кесүү аркылуу төрөтүп алуу сунушталат.

Кардиотокография – курсактагы баланын жүрөгүнүн согушун текшерүү.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт