// //

Жолдошумдун спермаграммасында тирүү да өлүк да урук жок экен. Бул эмнеси?

2019.10.29, 15:29
1843

Мен урологдон кеңеш алгым келет. Жолдошум экөөбүздүн 2 балабыз бар, кичүүсү 5ке чыгат. Дагы балалуу бололу дегенбиз. Боюма бүтпөй жатканынан жолдошум спермаграмма тапшырды. Жыйынтыгында тирүү да өлүк да урук жок экен. Ушуну кандай түшүнсө болот?  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.10.2019, 15:30

Азат Бейшенов

Уролог

Саламатсызбы. Тирүү да өлүк да сперманын жок болушу, урук жок дегенди билдирет. Медицина тилинде “азоспермия” деп аталат.

Азоспермия – бул репродуктивдик оору, анда эркектин бел суусунда жыныстык клеткалар толугу менен жок болот.

Азоспермиянын пайда болушуна көптөгөн себептер бар:

  • стресс;
  • жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар;
  • жумуртка бездердин сезгенүүсү;
  • химиотерапияны алуу
  • эндокриндик системандагы өзгөрүүлөр, ж.б

Тилекке каршы, мындай диагнозду дарылоого мүмкүн эмес.

Бул паталогиянын ачык-айкын билине турган, же бейтаптын тынчын алган белгилери болбойт. Башкы фактору кош бойлуулуктун жоктугу.

Сексуалдык функция, жыныстык мүчөнүн иштеши бузулбайт. Мурункудай эле эркеция бар, бел суусу бөлүнүп чыгат. Болгону мындай сперма менен бойго бүтүү мүмкүн эмес.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт