// //

Бир айлык баламдын киндиги жакшы боло элек. Эмне кылсам болот?

2019.10.29, 14:18
4764

Саламатсызбы. Балама 40 күн болду. Бирок киндиги жакшы болбой жатат. Дагы деле кызарып, сууланып турат. “Перекись” менен сүртүп, “зеленка” коюп турам. Андан башка эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.10.2019, 14:19

Эдиль Садыков

Педиатр

Саламатчылык. Ушу күнгө чейин баланын киндигни бүтпөй, сууланып, кызарып турса, сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерге көрсөтүңүз. Андан тышкары хирургдан да консультация алуу керек.

Баланын киндигине кам көрүү боюнча жалпы сунуштамалар:

  • Киндигин мүмкүн болушунча көбүрөөк ачык калтырыңыз. Аба менен эркин дем алышы тезирээк кургашына жардам берет. “Памперс” менен киндиги жабылып калбасын, көз салып тургула.
  • Пластырь, тыйын, вата, бинт сыяктуу нерселер менен эч качан баланын киндигин жаппагыла.
  • Киндиктин калдыгы өзү түшүшү керек. Эч качан тартып, же жулуп салууга аракет кылбагыла.

Баланыз ден соолукта болсун!

0
Пайдалуу жооп
А
Ажар
31.10.2019, 22:12

Зелёнка менен эле суусу чыккан жерине сурто бергиле

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт