Бир айлык баламдын киндиги жакшы боло элек. Эмне кылсам болот?
2019.10.29, 14:18
6187
Саламатсызбы. Балама 40 күн болду. Бирок киндиги жакшы болбой жатат. Дагы деле кызарып, сууланып турат. “Перекись” менен сүртүп, “зеленка” коюп турам. Андан башка эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.10.2019, 14:19
Эдиль Садыков
Педиатр
Саламатчылык. Ушу күнгө чейин баланын киндигни бүтпөй, сууланып, кызарып турса, сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерге көрсөтүңүз. Андан тышкары хирургдан да консультация алуу керек.
Баланын киндигине кам көрүү боюнча жалпы сунуштамалар:
- Киндигин мүмкүн болушунча көбүрөөк ачык калтырыңыз. Аба менен эркин дем алышы тезирээк кургашына жардам берет. “Памперс” менен киндиги жабылып калбасын, көз салып тургула.
- Пластырь, тыйын, вата, бинт сыяктуу нерселер менен эч качан баланын киндигин жаппагыла.
- Киндиктин калдыгы өзү түшүшү керек. Эч качан тартып, же жулуп салууга аракет кылбагыла.
Баланыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп