Күйөөм менен ажырашканы жатабыз. Кайын энемдин үйүбүздү талашууга укугу барбы?
2019.10.29, 14:00
1299
Саламатсызбы. Күйөөм менен ажырашканы жатабыз. Ортобузда 2 бала бар. Кайын энем Бишкектеги квартирабызды талашып жатат. Биз аны ипотекага алганбыз. Төлөнүп бүтө элек. Квартира күйөөмдүн атына жазылган. Ажырашсак кандай болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.10.2019, 14:00
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Кайын энеңиздин силердин квартираңарды талашууга акысы жок. Анын үстүнө үй күйөөңүзгө катталган экен, демек бул ортодогу мүлк. Жубайлардын бирге жашап жүргөн учурда сатып алынган мүлк ортодогу мүлк болуп эсептелинет. Ажырашкандан кийин экиге бөлүнөт.
0
Пайдалуу жооп