Боюңда бар кезде антибиотик алса болобу? Гинеколог жооп берет
2019.10.28, 10:50
3413
Саламатсызбы. Боюмда бар, 3 жума болду. Бир жумадан бери грипп болуп айыга албай койдум. Башым, тамагым ооруп, жөтөлүп жатам. ЛОРго кайрылсам, өзү даярдаган дары жазып берген, андан тышкары инсти чай ичип жатам. Бирок жардам бербей эле. Кош бойлуу кезде антибиотик алса болобу? Балага зыяны тийбейби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.10.2019, 10:50
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Ооба, кош бойлуу кезде колдонула турган антибиотиктер бар, бирок аны терапевт же ЛОР жазып берип, гинеколог тастыктагандан кийин гана колдонууга уруксат берилет.
Андан тышкары вирустук ооруларга туш болгон учурда антибиотиктерден тышкары иммуноглобулиндерди колдонуу зарыл. Аны да гинеколог өзү жазып берет.
Тезирээк сакайып кетиңиз!
0
Пайдалуу жооп