Тизе менен тамандын ооруусунун себеби эмнеде?
2019.10.24, 11:35
3031
Тизедеги сөөктүн ооруусу жана шишиги организмде суюктуктун жетишсиздигинен болушу мүмкүнбү? Тамандын ооруусу эмнеден келип чыгат?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.10.2019, 11:37
Максат Мамасыдыков
Травматолог
Саламатсызбы!
Тизенин оорушунун себептери көп. Мисалы, артроз, муун кызыл жүгүрүгү (ревматоидный артрит), гемартроз оорулары, жаш курак жана ар кандай жаракаттар болушу мүмкүн. Оорунун так себебин ооруган адам менен сүйлөшүп, анализдин жыйынтыгындан кийин айта алабыз.
Ал эми, тамандын оорусунун эң башкы себеби бут кийим. Туура эмес бут кийим тандоо бут ооруларын пайда кылат. Таманды плантоскоптон көрүп, ортопедиялык батек жасатып кийиш керек.
0
Пайдалуу жооп