// //

Боюмда бар, жыныс кыным тултуюп, ыңгайсыздык жаратат. Гинеколог жооп берет

2019.10.24, 11:01
2348

Саламатсызбы. Боюмда бар. Бул экинчиси, 6 ай болуп калды. Жыныс кыныман эт чыгып калгансып, тултуюп, ынгайсыздык жаратат. Тааныштардан сурасам, аны “язычок” деп коет дешти. Ушул боюнча кененирээк маалымат берип коесуңарбы? Коркунучу жокпу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.10.2019, 11:03

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Коркунучу бар же жогун көрбөй туруп так жооп берүү кыйын. Эки варианты бар:

  • жыныс кынындагы кан тамырлардын варикозу
  • же жөн гана жыныс кынынын шишиши (отёк). Улам салмак кошкон сайын жатын башка органдарга анын ичинде жыныс кынына күч келтирет.

Жыныс кынынын варикозунун белгилери:

  • кан тамырлар кеңейип кеткен жер кычышат
  • чат оорутуп, жыныс кыны шишип кетет
  • басканда, физикалык жумуш аткарганда оорутат;
  • этек кири келгенсип, бел, ич оорутат;
  • тез чарчайт.

Сөзсүз гинекологго көрүнүп, дарыланыңыз. Анткени варикоздун өтүшүп кетиши, кан жоготууларга, бойдон түшүп калууга же убактысынан эрте төрөткө алып келиши мүмкүн.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт