70-80-жылдары сатып алган үйгө кантип документ жасайм?
Ата-энемдин үйү эки үйдөн турат, бирөөсү чоң атамдыкы, жанындагысы өз атамдыкы. Жанаша үйлөр болгондуктан бир короо кылып жашашкан. Мурун электрондук каттоо жүргөндө экөө бир болуп, атамдын үйү эле айыл өкмөткө катталып калыптыр.
Эми чоң атама тиешелүү үйүнүн документи жок. Тактап айтканда “домовой” сыяктуу чертеждору менен эле эки кагаз бар. Анда токтом же анын номери жок.
Мурун 70-80-жылы чоң атам сатып алыптыр. Кандай сатып алып, документти каттоого турганы, турбаганы белгисиз. Эми ошол үйдүн документтерин жасатыш үчүн эмнеден башташ керек? Жол жоболору кандай? Архивден токтомун каратайын десем, күнүн айтпасаңар каралбайт дейт. Айыл өкмөткө барсам алар деле билбейт окшойт, сотко барасыңар, бул узак процесс дегендей кылып койду. Алдын ала рахмат!
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы!
Үйгө документ жасоо үчүн, мамлекеттик каттоо кызматына кайрылыңыз. Ал жерден жашаган жериңиздин дарегин же чоң атаңыздын аты-жөнүн айтсаңыз карап беришет. Эгер аты-жөнү чыкпаса айыл өкмөткө барып, токтомдорду каттоо боюнча китептен каратыңыз.
Болбосо, архивге жазуу түрүндө арыз менен кайрылыңыз. Алар сизге дагы жазуу түрүндө жооп кайтарышы керек. Үйдү сатып алуу болжол менен кайсы жылдары болгонун айтсаңыз эле, архив кызматкерлери карап чыгып беришет. Бул үчүн сиз аларга мамлекеттик алым төлөйсүз.
Так жылын, күнүн билбейм деп токтотуп койгон болбойт. Архивдегилер болжолдуу жылдар менен карап чыгат же айыл өкмөттөгү токтомдорду каттоо боюнча китептен табасыз.
Ийгилик!