Күйөөм баланы алып калам деп коркутат. Ошентип айтууга укугу барбы?
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма 1,5 жыл болду. Ортобузда бир балабыз бар. Күйөөмдүн фамилиясына жазылган. Бирок ЗАГСка турган эмеспиз.
Күйөөм кетип калсаң баланы бербейм деп коркутат. ЗАГС жок болгондуктан алимент да кестире албайсың, деп айтты. Ошентип айтууга укугу барбы?
1,5 жыл ичинде машина алып, үй салдык.
Сот аркылуу чечишсек, менин кандай укуктарым бар?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомунун адиси, адвокат
Саламатчылык!
Жок, антип айтууга укугу жок. Күйөөңүз экөөңөрдүн балага болгон укуктарыңар жана милдеттериңер бирдей. Башкача айтканда, соттун чечими жок туруп, өз алдынча баланы тартып алууга акысы жок.
Ажырашсаңар, баланы багуу үчүн алимент өндүрүп берүү арызы менен сотко кайрылсаңыз болот. Алимент күйөөңүздүн бир айлык кирешесинин ¼ бөлүгү өлчөмүндө берилүүгө тийиш. Мисалы, айына 10 000 сом тапса, анын 2500 сому алимент катары төлөнөт.
Тилекке каршы андан башка эч кандай мүлккө талапкер боло албайсыз. Силердин никеңер расмий түрдө катталган эмес. Ошондуктан бирге жашап жаткан учурда сатып алынган мүлк бөлүштүрүлбөйт. Бирок алгач мүлк кимге катталганын тактап алуу керек.