“Прививкаларды” кечигип алса эч нерсе болбойбу? Педиатр жооп берет
2019.10.22, 16:15
1627
Кызым төрөлгөндө жүрөгүндө “шуму” бар деп айтышкан. Биринчи эмдөөсүн 2 айында алганбыз. ФАПка алып келип көрсөтсөм, өзүбүз чакырабыз дешкен. Андан бери чакырыша элек. Жакында 3 айга толот. “Прививкалары” кечигип калса эч нерсе болбойбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.10.2019, 16:18
Эдиль Сыдыков
Педиатр
Саламатчылык. Жүрөгүндө “шуму” бар балдар кардиологдун консультациясынан кийин эмделет. 2 айында ала турган эмдөөсүн 1 ай кечигип алса, эмдөөлөрдүн бардык графиги бир айга жылдырылат.
Негизи жүрөгүндө тубаса кемтиги бар балдарга эмдөө алууга каршы көрсөтмөлөр болбошу керек.
Кызыңыз ден соолукта болсун!
Эмдөө тууралуу кошумча маалыматты бул жактан окусаңыз болот:
0
Пайдалуу жооп