Ата-энелердин мектеп фондуна акча бергени туурабы?
2019.10.22, 12:23
1170
Саламатсызбы! Биздин мектепте 3-4 жылдан бери фондко деп акча жыйначубуз. Быйыл ата-энелердин отуз беш пайызы бербейбиз деп чыгышты, калгандары кайра эле чогултуп жатышат. Бул фондко кандай чара көрсө болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.10.2019, 12:23
КРнын Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамда фондко катышуу ар кимдин өз ыктыяры, эч кандай мажбурлоо жок деп белгиленген. Ал эми, министрдин буйругуна ылайык мектеп директорлорунун жана мугалимдердин акча чогултууга, окуучуларга жана ата-энелерге басым көрсөтүүгө укугу жок. Эгер мыйзам бузууларды байкасаңыз, Билим берүү жана илим министрлигинин ишеним телефонуна кайрылыңыз: +996 (312) 62-05-19.
0
Пайдалуу жооп