// //

Күйөөм менен кошулганда ашыкча суюктук келет. Эмнеге мындай?

2019.10.21, 14:24
2150

Саламатсызбы. Күйөөм менен кошулганда ашыкча суюктук келет. Күйөөм да, өтө көп, дей берет. Эмнеден улам мындай болушу мүмкүн?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.10.2019, 14:26

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Эгер ден соолугуңузда эч кандай көйгөй жок болсо, ашыкча суюктук аябай дүүлүккөндөн улам пайда болушу мүмкүн. Бул жыныстык катнаш учурунда сүрүлүүдөн улам келип чыккан травмалардын алдын алат.

Бирок бул суроого так жооп алуу үчүн гинекологго кайрылуу керек. Кээде төмөнкү оорулар болгондо да, ашыкча суюктук бөлүнөт:

  • сезгенүү процесстери;
  • жыныс кынынын флорасынын бузулушу;
  • жатын моюнчасынын эрозиясы, ж.б

Ден соолукта болуңуз!

Окшош суроого жоопту бул жерден окуңуз:

Жолдошум менен кошулганда суюктук көп келет, бул оору эмеспи? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт