Жеримди башка бирөө колдонуп жүрүптүр. Аны сотко берсем болобу?
2019.10.21, 10:56
707
Саламатсызбы. 4 гектар жерим бар. жеримди 5 жылдан бери башка бирөө пайдаланып жүрүптүр. Салыкты, жер менен колдонгондугу үчүн эч нерсе төлөгөн эмес. Кайсы “статьянын” негизинде сотко берсем болот? Негизи сотко кайрылсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.10.2019, 10:56
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Ооба, сотко кайрылсаңыз болот.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 14-беренесинин жана 358-беренесинин негизинде жер үчүн төлөнүүчү салыкты жана башка чыгашаларды өндүрүп алууга мүмкүнчүлүк бар.
0
Пайдалуу жооп