Кызымдын тиши чыга элек. Эмне себептен болушу мүмкүн?
2019.10.17, 12:26
1428
Кызым бир жаш, бир ай болду. Бир дагы тиши жок. Эмне себептен болушу мүмкүн? Жети жарым ай эмчек эмген.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.10.2019, 12:28
Анара Базаркулова
Педиатр
Саламатсыңбы!
Кызыңыздын тиши чыгат. Витаминдин жетишсиздигинен болушу мүмкүн. Балага эмчекти эки жашка чейин эмизүү керек. Алты айынан баштап кошумча тамак берүү зарыл. Укалоого дагы алып барып же өзүңөр жасап турсаңыз балаңар үчүн пайда.
Бир эле түрдүү тамак бере бербей, ар түрдүү, витаминдүү тамактарды бергиле. Жашылча, жемиш, эт азыктарын, сүт азыктарын кошкула.
0
Пайдалуу жооп