Кичинекей баланын көкүрөгүн сыкса кийин колтугу, буту сасыбайбы?
2019.10.17, 10:26
2517
Саламатсызбы! Кызым эки айлык. Кайын энем айылдан чалып, кызымдын көкүрөгүндөгү суусун сыгып кой дейт. Кийин чоңойгондо колтугу, буттары сасыбайт, деп түшүндүрдү. Эмне кылсам болот? Сезгеним калып, ооруп калбайбы? Алдын ала рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.10.2019, 10:26
Анара Базаркулова
Педиатр
Саламатсызбы!
Кичинекей бөбөктүн, айрыкча кыз баланын төрөлгөндөн кийин эмчек бези чоңойушу мүмкүн. Бул физологиялык көрүнүш. Бала курсакта жатканда энесинин каны менен баладагы гормон (сүт чыгаруучу) болот. Ал үч айдын ичинде тазаланат.
Эч качан тийбөө керек, өзү кетет. Сыгып инфекция киргизип мастит кылып алышыңар мүмкүн.
0
Пайдалуу жооп