Эмне себептен кан аралашкан заара чыгат?
2019.10.17, 09:40
9975
Саламатсызбы! Сийдигим кан аралашып чыгып жатат. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.10.2019, 09:42
Болот Рысбаев
Уролог
Зааранын кан аралашып чыгуусун “гематурия” деп коет. Себебин аныктоо үчүн бейтапты толук изилдөөгө алыш керек. Көйгөй бөйрөктө, заара түтүкчөлөрүндө же табарсыкта, эркектерде болсо, простата безинде, сийдик каналдарында ж.б болушу мүмкүн. Ошондой эле суук тийгенден да кан аралашкан заара чыгышы ыктымал. Так себебин билип туруп анан дарылоо жүргүзүлөт. Тезинене дарыгерге кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп