Инимдин бир жумурткасы пайда болуп, кээде жок болуп кетет экен. Бул нормалдуубу?
Саламатсызбы. Иним 2008-жылы туулган. Кичинекей кезинде эч нерсе байкалчу эмес. Мектепке кирээрде медициналык текшерүүдөн өтүп жатып, ушул көйгөйү бар экенин билдик. Жумурткасы өйдө жылып кетет экен. Иним: өйдө чыгып кеткенинен, укалап ылдый түшүрүп койдум, деп айтат.
Бул нормалдуубу? Же операция жасатуу керкпи? Коркунучу жокпу?
Азис Элгондиев
Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын балдар хирургу
Сиз айтып жаткан белгилер, эки учурда байкалат:
- крипторхизм;
- кремастердик рефлекс болгондо.
Крипторхизм – эркек баланын бир же эки жумурткасынын тең калтасына түшпөй калышы. Крипторхизмге туш болгон балага сөзсүз операция жасалат. Себеби, бул диагноз тукумсуз болуп калышына алып келет.
Кремастердик рейфлекс – эркек баланын жумурткасынын маал-маалы менен курсак көңдөйүнө көтөрүлүп турушу. Мындайда хирургиялык кийлигишүү керектелбейт. Бул табигый рефлекс. Бала үшүгөндө, корккондо, толкунданганда жумурткалар өйдө көтөрүлөт.
Тилекке каршы көрбөй туруп, сиздин сурооңузга жооп бере албайм. Көргөндөн кийин гана так диагноз коюп, хирургиялык кийлигишүү зарылбы же жокпу, даана айтып берем.