Эки айлык балам көп ыйлап жатат, чарчап калбайбы?
2019.10.14, 15:54
1725
Эки айлык уулум ыйлап, уйкусу жок. Колго алганда гана уктайт. Ыйлаганда эмизсем да эмбейт. Эмне кылсам болот? Баламды жоготуп албаймынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.10.2019, 15:55
Анара Базаркулова
Педиатр
Саламатсызбы!
Балаңыздын жүрөгүндө тубаса кемтик жокпу? Башын УЗИге тарттырдыңарбы?
Эгер,
- салмак кошуусу жай болсо;
- эмчек эмүүсү начарласа;
- терисинин түсү өзгөрүп кетсе (кубарып же көгөрүп). Эгер ыйлаганда оозунун тегереги көгөрсө;
- себеби жок көп ыйласа.
тубаса жүрөктүн кемтиги болушу мүмкүн.
Айыл жергесинде жашасаңыз район же облустук ооруканага жолдомо алып, консультацияга алып барыңыз.
Дарыгер текшерип көрмөйүн так диагноз кое албайт. Тезинен ооруканага алып барыңыз.
0
Пайдалуу жооп