Беттеги операциядан калган тактарды кетирсе болобу? Косметолог жооп берет
2019.10.10, 15:16
1255
18 жашымда бетимдеги безеткилерди сыга берип, так түшүп, шишип беш жолу операция жасаткам. Азыр 34 жаштамын. Бетимдеги операциядан калган тактар кетпей жатат. Тескерисинче жашым өткөн сайын чоңоюп баратат. Ушул тырыктарды кандайдыр бир жолдор менен аз болсо да кетирсе болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.10.2019, 15:19
Надира Бейшеева
Косметолог
Саламатсызбы! Тактардын баары кетип мурунку калыбына келбейт, бирок өзүңүз жазгандай азайтып, билинбегендей кылса болот.
Анын төмөнкүдөй жолдору бар:
1. Лазердик жылмалоо (шлифовка);
2. Плазмотерапия;
3. Мезотерапия;
4. Операция ж.б
Сиздин тырыктарга жараша адис даарылоо жолун тандайт.
0
Пайдалуу жооп