Баланы чоң атасынын атына жаздырсам болобу? Эксперт жооп берет
Балам 8ге чыгайын деп калды. Бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ала элекпиз. Ал 2011-жылы төрөлгөн, а биз 2014-жылы ЗАГСка турганбыз. Баланын документин жасатуу үчүн ЗАГСка барсам, күйөөңүз келип, “расписка” жазып кетсин дешти. Күйөөм болсо барбайм, деп жатат. Баланы чоң атасынын атына каттата аламынбы? Күйөөмдүн ордуна кайын энем же кайын сиңдим барса болобу?
Бакай Алишеров
Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу коммуникация бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Бала никеге чейин төрөлгөнүнө байланыштуу, ЗАГСка сөзсүз жолдошуңуз менен барышыңыз керек. Бул баланын атасы экенин тастыктоо үчүн жана анын фамилиясына жаздыруу үчүн керек.
Тилекке каршы, баланын атасынан башка эч ким бул ишти аткара албайт. Атасынын жазуу түрүндөгү арызы жок, балаңызга күбөлүк ала албайсыз.
Болбосо, өзүңүздүн атыңызга жаздырып, жалгыз бой эне катары катталып, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алсаңыз болот.