Иштетилбеген таштак айдоо жерибиз бар. Балдарыма жөлөкпул алаламбы?
Төрт балабыз бар. Ата-энебиз менен чогуу турабыз. Алардан бөлүнүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Таштак, суу барбаган, эгин айдоого мүмкүн эмес, киреше түшпөгөн жерибиз бар. Жөлөкпул алганга муктажбыз. Эмне кылсак болот? Кеңеш бериңизчи.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! Эгер бир үйдө бир же бир нече үй-бүлө чогуу жашаса, алардын бюджеттери бир болсо, бул үй-бүлөнүн баардык кирешесин эске алуу менен “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу чектелет. Бирок, алар менен чогуу жашаган улгайган адамдардын пенсиялары киреше катары эске алынбайт.
Сиз жашаган жериңиз боюнча социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылыңыз. Ал жердеги адистер жер үлүштөрүңүздү текшерип, ошонун негизинде жөлөкпул чектегенге жардам беришет. Эгер алардын суроосуна канааттанбасаңыз, же себепсиз жөлөкпул чектөөдөн баш тартышса, туура эмес эсептеди деп ойлосоңуз социалдык маселелер боюнча атайын райондук комиссияга кайрылыңыз.
Байланыш жолдору:
• КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасы - 0312 660 107, 0312 45-44-29;
• WhatsApp номери - +996 557 700 845.