// //

Жаңы төрөлгөн уулубузга чарчап калган балабыздын атын койсок болобу?

2019.10.09, 15:18
1299

Саламатсызбы! Курсактагы балам 7 айга чукулдап калган кезде оорулуу экени аныкталып, дарыгерлер кош бойлуулукту токтотушкан. Бирок, балага ат коюп кадимкидей жерге бергенбиз. Жыл өтпөй кудайым бизге дагы бир бала берди. Жаңы төрөлгөн ымыркайыбызга биринчи балабыздын атын койсок болобу? 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.10.2019, 15:20

Кадыр Маликов

Теолог

Албетте, чарчап калган балаңардын атын койсоңор болот, эч кандай көйгөй жок. Айтайын дегеним, балага өзүңөр каалагандай атты кое бергиле, эң негизгиси баланын аты ислам талаптарына ылайык келиши керек. Тактап айтканда, балаңардын кадыр-баркын кемсинтпегендей ысым болсун. Бул жерде ырым-жырым (суеверие) жана коркуу болбошу керек. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт