Жигитим сага кетирген акчамды, нервимди төлөп бер, болбосо сотко берем деп жатат
Бир бала менен 3 жылдан бери сүйлөшөм. Экөөбүздүн мамилебизди анын да менин да үй-бүлөбүз билет. Өтө эле кызганчаак, жумушта да тынч иштетпейт. Акыркы күндөрү урушсак кол көтөрөт. Сүйлөшпөй коелу десем, мен сени сотко берем, түрмөгө каматам, үч жыл аралыгында сага кетирген акчамды, нервдеримди төлөп бересиң деп жатат. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Бул жерден коркууну кереги жок. Себеби сизге короткон акчаны жигитиңиз өз ыктыяры менен жасаган. Сотко бере албайт, берген күндө деле күлкүлүү көрүнүш болот. Сотко берүү үчун короткон акчасын далилдеп берүүсү керек. Анан дагы акчасын мажбурлап короттурган эмессиз, ал өз эрки менен сиз үчүн короткон. Сиз ага карыз эмессиз, 3 жыл аралыгында кетирген акчаларын төлөп берүүгө милдеттүү дагы эмессиз.
Ошондой эле ал сизге кол көтөрүп, коркутат экен. Бул үчүн сиз милицияга кайрылсаңыз болот.
Ал жигит менен сүйлөшпөй коюшуңузду өтүнөм.