Мугалимдик кесипти сырттан окугам. Балдарга сабак бере аламбы?
2019.10.08, 12:02
1137
Саламатсызбы! Мен мугалимдик кесипти, тактап айтканда башталгыч класс боюнча окууну сырттан бүткөм. Аябай иштегим келет, бирок корком. Көп нерсени билбей, сабак бере албай калсам кандай болот деп ойлоном. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.10.2019, 12:03
КРнын Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Күндүзгү бөлүмдөбү же сырттан окудуңузбу айырмасы жок. Колуңузда мугалимдик адистикти бүтүргөнүңүз боюнча диплом бар болсо, эч тоскоолдуксуз өз кесибиңиз менен мектепте иштей аласыз. Баары өзүңүздүн каалооңуздан көз каранды. Коркуунун кереги жок. Ишиңизге ийгилик каалайбыз!
0
Пайдалуу жооп