Кошунама телефонун таап берсем милицияга берем деп жатат
Айылдашым 4 ай мурун уюлдук телефонун жоготуп алыптыр. Эми билип кайтарып берсем, сен билип туруп бербей жүрдүң, 4000 сом бер, болбосо милицияга берем деп жатат. Эми төлөшүм керекпи? Каяка кайрылам?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, коңшуңуздун кылганы туура эмес. Сиз ага 4000 сом берүүгө милдеттүү эмессиз.
Кошунаңыздын үстүнөн милицияга арыз менен кайрылыңыз. Мен телефонду уурдаган эмесмин, таап алып кайрып берсем, 4000 сом өлчөмүндө акча доолап, милицияга берем деп коркутуп жатат деп, айылдык участковыйга айтыңыз. Алар ишти кандай жол менен алып барууну билет жана кошунаңызга акча доолап жаткандыгы үчүн иш козгойт. Болгону арызды элге жарыялабай барып жазыңыз.