Эгиз неберелерим эч ким менен сүйлөшпөйт. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Менин 5,5 жаштагы эгиз небере кыздарым бар. Үйдөгү башка үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүшпөйт, жооп да беришпейт. Бакчада да ушундай экен. Кандай кылышыбыз керек? Кийинки жылы мектепке барса, кантип окутабыз?
Карлыгаш Акимкулова
“Psihoanaliz.kg” психотерапия борборунун адиси, психотерапевт
Эгиздер көпчүлүк учурда бири-бири менен эле сүйлөшүп, аларга ошол жетиштүү болот. Айрым учурларда, экөө ушунчалык жакын болушат, экөө эки башка инсан экенин да түшүнүшпөйт. Жада калса, чакырганда экөө тең бири-биринин аттарына реакция кыла беришет.
Мындай учурда ата-эненин башкы максаты, ар биринин индивидуалдуулугун өнүктүрүү. Мен сизге төмөнкү кеңештерди сунуштай алам:
- ар бирин жеке табитине жараша кийиндириңиз;
- ар биринин жеке кызыкчылыктарын эске алыңыз;
- ар бирине өз алдынча убакыт өткөрүүгө шарт түзүп бериңиз;
- ар биринин өзүнүн достору болушун колдоңуз;
- сүйлөшкөндө жана балага кайрылганда, атын атап, жүзүнө карап сүйлөңүз;
- ар бирине өзүнчө кайрылыңыз, суроо узатып, бир өңчөй эмес, толук жооп берүүсүн талап кылыңыз;
- сүйлөгөнүн көңүл бөлүп угуңуз;
- ар бирин жеке жетишкендиктери үчүн мактаңыз;
- жалпы жетишкендиктерин өз алдынча белгилеп айтыңыз;
- экөөнү бири-бири менен салыштырбаңыз, атандаштырбаңыз;
- балдарды башкалар менен тааныштырганда, ар биринин атын атап тааныштырыңыз;
- экөөнүн эгиз болуп төрөлгөнү сиз үчүн чон бакыт экенин улам айтып туруңуз.
Ошондой эле невролог, отоларинголог жана логопедке да кайрылып көрүңүз. Сүйлөбөй жаткандыгынын медициналык себебин да изилдеп көрүңүз.
Ийгилик!