// //

Күйөөм бычак такап өлтүрөм деди. Эмне кылсам болот?

2019.10.07, 11:52
957

Саламатсызбы! 29 жаштамын. 9 жыл күйөөм менен жашадым. Акыркы 2 жумадан бери экөөбүз урушуп, мага тынчтык бербей бычак такап өлтүрөм дегенде, ата-энемдин үйүнө качып кеттим. Эми эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.10.2019, 11:53

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Биринчи кезекте сиз милицияга кайрылып, болгон иш боюнча арыз жазып,  коргоо ордерин алсаңыз болот. Күйөөңүздүн бычак такап өлтүрөм дегени боюнча милиция кызматкерлери териштирүү жүргүзүшөт. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча сиз акысыз юридикалык жардам алаласыз. Бул шилтемеде даректер жана телефон номерлер бар:

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун даректери



 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт