Күйөөм бычак такап өлтүрөм деди. Эмне кылсам болот?
2019.10.07, 11:52
1110
Саламатсызбы! 29 жаштамын. 9 жыл күйөөм менен жашадым. Акыркы 2 жумадан бери экөөбүз урушуп, мага тынчтык бербей бычак такап өлтүрөм дегенде, ата-энемдин үйүнө качып кеттим. Эми эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.10.2019, 11:53
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Биринчи кезекте сиз милицияга кайрылып, болгон иш боюнча арыз жазып, коргоо ордерин алсаңыз болот. Күйөөңүздүн бычак такап өлтүрөм дегени боюнча милиция кызматкерлери териштирүү жүргүзүшөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча сиз акысыз юридикалык жардам алаласыз. Бул шилтемеде даректер жана телефон номерлер бар:
Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун даректери
0
Пайдалуу жооп