// //

Боюмда бар, мурдум улам канай берет. Эмне үчүн? Гинеколог жооп берет

2019.10.04, 12:51
3762

Саламатсызбы, мен кош бойлуумун, 30 жума болуп калды. Бир күндө 3-4 жолу мурдум канайт. Эмнеден болушу мүмкүн жана кандай чараларды көрүшүм керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.10.2019, 12:53

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Кош бойлуу кезде мурундун улам-улам канаганы нормага жатпайт. Анын бир нече себеби болушу мүмкүн.

  • Кош бойлуу аялдардын организминде кан менен камсыздоо системасы күчөйт. Мурундагы былжыр чел жукарып, андагы майда кан тамырлардын (капиллярлар) саны көбөйөт. Натыйжасында мурунга тийип кетсе деле канай берет.
  • Дагы бир себеби, артериалдык кан басымдын көтөрүлүшү. Эгер кош бойлуулукка чейин деле гипертонияңыз бар болсо, анда мурундун улам канап турушу мурда деле бар болчу. Болгону кош бойлуулук бул көрүнүштү күчөтүп койду. Бирок айрымдарыныкы гипертония боюнда бар кезде пайда болот.
  • Эгер мурундун канаганы күндө, жана узак болсо балким, кандын уюп калуу системасында өзгөрүүлөр пайда болгон. Мындай илдет көбүн эсе өнөкөт ооруга айланат.
  • Мурундун канашынын дагы бир себеби, кош бойлуулук учурунда витаминдердин жетишсиздигинен кан тамырлар ичкерип, жукарып кетет. Натыйжасында мурун улам-улам канай берет.

Алгач артериалдык басымды өлчөп, андан кийин ЛОР-врачка консультация алуу үчу көрүнүңүз. Кандын уюп калуу системасын текшерип, жалпы анализдерди тапшыруу зарыл.

Аман-эсен көз жарып алыныз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт