Балам төрөлгөндө бир жумурткасы жок төрөлүптүр. Эмне кылышым керек?
2019.10.04, 11:41
1804
Саламатсызбы. Балама 11 ай болду. Өзүм 40 жумасында, жакшы эле төрөгөм, бирок бир жумурткасы жок экен. УЗИден “паховый каналда” деп жыйынтык чыгарып беришти.
Сөзсүз операция жасатыш керекпи? Канча жашында жасаткан жакшы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.10.2019, 11:42
Азат Бейшенов
Уролог
Бул оору крипторхизм, деп аталат. Мындай диагноз ара төрөлгөн эркек балдардын 30%на жана кадимкидей төрөлгөн эркек балдардын 3%на коюлат. Көпчүлүк учурда 1,5 жашка чейин жумурткалар калтасына түшөт. Эгер өз ордуна келбесе хирургиялык кийлигишүү керектелет.
Операциялардын 90-95%ы ийгиликтүү өтөт. Өз мезгилинде дарылап же операция жасатпаса тукумсуз болуп калат.
0
Пайдалуу жооп